20-февралдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы«Ак-Жол» жана «Кордай» өткөрүү пункттары оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу КР чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөрүүчү пункттар саат 6:00дөн 24:00гө чейин иштейт. Габариттүү жүгү жок жөө жүргүнчүлөр өтө алышат. Ал эми унаа менен жүктөр «Ак-Тилек», «Кең-Булун» жана «Чалдыбар» көзөмөл өтөрүүчү пункттары аркылуу өткөрүлөт.
Оңдоп - түздөө иштерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда