1-январдан тарта Казакстан он алты жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамда белгиленген учурларда манжа изин каттоодон өткөрүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Манжа изин тапшыруу төмөнкү документтерди даярдоодо милдеттүү болуп саналат:
“Манжа изин милдеттүү түрдө каттоодон өтүүдөн баш тартуу Казакстандын чегинен административдик түрдө чыгаруу түрүндөгү административдик жоопкерчиликке алып келет”, - деп айтылат маалыматта.
Манжа изин каттоо жүргөн жери боюнча миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.