Казакстанда 2,2 миң кыргызстандык компания ишмердүүлүк кылат

04.10.2023, 11:40 Акчабар
Казакстанда 2,2 миң кыргызстандык компания ишмердүүлүк кылат

1-сентябрга карата Казакстанда чет өлкөлүк катышуучу компаниялардын саны 41,4 миңди түзөт. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33,2%га көп. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм-каналы жарыялады. 

Маалыматка ылайык, Казакстанда кыргызстандык ишкерлердин 2,2 миң компаниясы бар. 

Ошондой эле, чет элдик катыштыгы бар Орусиянын 18,6 миң, Түркиянын 3,8 миң, Өзбекстандын 2,6 миң, Кытайдын 2,2 миң, Украинанын 1 миң, Германиянын 744 миң компаниясы бар. 

Анын ичинен кичи ишканалар – 40,8 миң (+33,8%), орто – 326 (+3,1%) жана ири ишканалар – 243 (-1,2%) түзөт. Чет өлкөлүк компаниялардын эң көп саны соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо тармагында – 14,9 миң (+32,1%), курулуш – 3,5 миң (+8,1%), маалымат жана байланыш тармагында – 3,3 миң (+2 эсе) компания катталган. 

 

Тэги: Казакстан кыргызстандык компаниялар бизнес соода

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу