Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 5.6 миң сомду түзөт. Пенсионерлердин саны 651 миңге жеткен. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирет.
Маалыматка ылайык, 2018 – жылы Социалдык фондтун жалпы кирешеси – 51 млрд. сомду түзгөн. 2017 – жылга салыштырмалуу 4.3% өскөн. Жалпы чыгаша 50.3 млрд. сомду түзгөн:
• Пенсиялык фонд – 46 млрд сомдон ашык;
• Сөзсүз түрдө калкты медициналык камсыздандыруудан өткөрүү фонду – 2.3 млрд сом;
• Кызматкерлерди дарылоо фонду – 288.8 млн.сом.