Коммерциялык банктар 16-августта банктар аралык валюта соодасында 3,7 миллион долларды сатып алышты. Бул маалымат күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.
Ошентип, банктар 1,1 млн долларды бүтүм жасалган күнү сатып алышкан жана 2,6 млн долларды бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө алышкан.
Соодалар мурдагыдай эле АКШ долларынын баасы менен 88,27 сом деңгээлинде ачылып, ошол эле деңгээлде жабылды.