Коронавирус катталган күндөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 95 млн сом бөлүнгөн

23.04.2020, 17:00 Акчабар
Коронавирус катталган күндөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 95 млн сом бөлүнгөн

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 94 млн 900 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдети менен күрөшүү максатында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп ачылган. Эсепке жалпы 94 млн 900 миң сом акча каражаты которулган. Бүгүнкү күндө каражаттын 43 млн 294 миң 500 сому колдонулду, ал эми 51 млн 605 миң 500 сому аймактардагы башкармалыктардын эсебине турат.

Аскаров баса белгилегендей, акча каражаттары бир нече багыттар боюнча жумшалууда.

«Айта кетсек, обсервацияда жаткан жарандарды ысык тамак менен камсыздоого 10 млн 277 миң сом, дары-дармектерге, беткап, колкап, дезинфекциялоо иштерине жалпы 6 млн 453 миң сом, күйүүчү-майлоочу каражаттарды алууга жана аймактардагы техникаларды камсыз кылууга 6 млн 854 миң сом, ошондой эле обсервацияларда жаткан жарандарга шарттарды түзүп берүү максатында, алардын ичинде – керебет, шейшеп, матрац, дезинфекциялоо аппараттарын алууга жалпы 14 млн сом, жеке коргонуучу каражаттарга 3 млн сомдун тегерегиндеги акча каражаттар, обсервацияда жаткан жарандарга муздаткычтарды, кир жуучу машиналарды жана телевизорлорду сатып алууга 1 млн 474 миң сом сарпталды», - деп билдирди министр.

Аскаров кошумчалагандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнө жүктүлгөн милдеттери так жана убагында аткарууда.

Тэги: коронавирус ӨКМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу