Кыргызстан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат. Саммит 1-октябрда Ереванда өтөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, саммиттин алкагына ылайык «Евразия континетиндеги транзиттик дарамети” форуму өтөт. Форумга КР өкүлчүлүктөрү катышмакчы.