Күрөөкана ээлери мыйзамсыз жогорку үстөк менен насыя беришкен

26.02.2024, 15:30 Акчабар
Күрөөкана ээлери мыйзамсыз жогорку үстөк менен насыя беришкен

Жогорку пайыз менен мыйзамсыз насыя берип жүргөн, уюшкан кылмыштуу топ аныкталып, аларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, О.Ж.К жана Д.Д.Н. жетектеген адамдар тобу уруксат берүүчү документтери жок жылдык үстөк пайызы 60 пайыздан 120 пайызга чейин акчалай ссудаларды берүү боюнча иш-чараларды уюштурушкан. 

"Кылмыш ишинин алкагында эки шектүү акча алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул топтун мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштерин уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: күрөөкана үстөк пайыз мыйзамсыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу