Кыргызстандагы күрөөканалардын жарымына жакыны дагы эле минималдуу уставдык капиталга жооп бербейт. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта уставдык капитал 2 млн. сомго чейин көбөйтүлгөн.
“29-апрелге карата Кыргызстанда 418 ломбард катталган. Анын ичинен 219 ломбард уставдык капиталын Министрлер кабинетинин талабына ылайык 2 млн. сомго көтөргөн. Калганы көтөргөн эмес”, - деп айтылат маалыматта.