Алтынды сатуудан түшкөн кирешенин 2020-жылдын I кварталындагы көлөмү 248.9 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» басма сөз кызматы билдирди.
Аткарылган үч айлык жумуштун жыйынтыгында 160 миң 90 унция же 4 миң 979.36 кг алтын өндүрүлгөн.
2020-жылдын 31-мартына карата кирешенин көлөмү 37% түзгөн. Өткөн жылдын I кварталына (28%) салыштырмалуу өсүү 9% түзөт. Кирешенин жогорулашынын башкы себеби, алтынга болгон баанын 20% өсүшу жана өндүрүлгөн алтындын көлөмү 7% көп болгондугу менен байланыштуу.
Андан сырткары, жыл башынан бери компания мамлекетке салык жана милдеттүү төлөм катары 2.82 млрд сом которгон.