Кылмыштуу жол менен киреше тапкан фармацевтикалык компания аныкталды

08.05.2023, 11:15 Акчабар
Кылмыштуу жол менен киреше тапкан фармацевтикалык компания аныкталды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Тергөө кызматы кирешелерди адалдоого шектелген фармацевтикалык компанияны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, аталган фармкомпания дары-дармектерди сатуудан түшкөн кирешесин жашырып, каржы операцияларын бухгалтердик эсепке алган эмес. 

"Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкандыгы, ошондой эле бир нече филиалдары жана медициналык клиникалары бар экендиги аныкталды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө “RO” жана “RO” ЖЧКнын директору А.Э. жана аталган фирманын бухгалтери 1960-жылы туулган Ц.Л. кармалып, Бишкек ШИИББнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу