Кыргызстандын экономикасы алтынга байланган

27.01.2020, 17:00 Акчабар
Кыргызстандын экономикасы алтынга байланган

Пайдалуу кен байлыктарын табуу Кыргызстандын өндүрүштүк  комплексинин чечүүчү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Аталган тармактын өлкөнүн Ички дүң продукциясына кошкон салымы  10 пайызды түзөт. Республиканын статистикалык мекемесинин маалыматына караганда, 2019-жылдын январь-май айларында табылган пайдалуу кен-байлыктарынын өлчөмү 104 миллиард 29,1 миллион сомго бааланган. Ал негизинен кымбат баалуу металлдарын өндүрүү менен камсыздалган.

Бул тармак республиканын казынасынын толтуруудагы маанилүү булак болуп саналат. Тоо-кен иштеткен ишканалардын салык төлөмдөрү гана 9,7 пайыз же 9,9 миллиард сомго бааланат, бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Табуучу тармактардын тазалыгынын демилгесинин отчетунда айтылат.

Андан сырткары, аталган тармактын республиканын экспортундагы үлүшү 42 пайызды түзөт, тагыраак айтканда жарым миллиарддан ашуун доллар бюджетке түшөт.

Өндүрүш, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнү күндө Кыргызстандын аймагында 2,5 миң алтындын очоктору табылган. Алардын 42си чоң, орто жана кичине көлөмдө болуп, экономикалык көз караштан иштетиле турган болсо пайдасы эбегейсиз. Алардын жалпы запасы 616,4 тоннага бааланган. Мындай маалыматтар Борбор Азиялык геопорталда келтирилген.

 

53 кендин аймагында кенди табуу иштери жүргүзүлүүдө, 51де долборлоо иштери жүрүүдө. Эң чоң кендердин катарына «Кумтөр» - алтындын запастары 300 тоннадан ашуун, «Жерүй» – 88,2 тонна, «Талды-Булак-Левобережный» – 64,4 тонна, «Макмал», «Иштамберди», «Үңкүр-Таш» – 30дан 70 тоннага чейин кирет.

Бирок бүгүнкү күндө казынага эң чоң салымды «Кумтөр» кени кошууда. Кыргызстанда жада калса Ички дүң продукциясы дагы анын кошулуусу жана кошулбоосу менен эсептелет. Бирок иштин жагдайы ар дайым ушул бойдон кала бербейт. Бир нече жыл мурда Centerra Gold ишканасы 2023-жылдан тарта өндүрүштүн көлөмүн азайтып, 2026-жылы кен казуу иштери токтоорун жарыялаган.

Өкмөт качандыр бир кезде эң чоң болуп эсептелген кендин жабылуусу кандай кесепеттерди алып келерин жакшы түшүнөт. Тагыраак айтканда, анын ордунда кала турчу чоң тешикти эмне менен жабуу керек экендиги азыркыга чейин белгисиз.

«Биз «Кумтөрдөн» көз карандыбыз. 20 жыл ичинде ал социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө чоң ролду ойноп келген, бирок ал жабылганда эмне кылууну өкмөт ойлонуп жатат»,- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Жогорку Кеңеш алдында өкмөттүн аткаруучу бутагынын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун берип жатып.

Бюджеттеги «тешикти» бүтөө үчүн келечеги чоң өндүрүш керек болоору түшүнүктүү. Эксперттердин баамында, дал ушундай долбоор деп «Жерүйдү» атоого болот.

Бул алтындын запастары боюнча Кыргызстандагы эң чоң кендердин бири. Кендин жалпы көлөмү 21 миллион тонна, алтындын далилденген жана божомолдуу запастары 2,68 миллион унций же 88,2 тоннаны түзөт. Кендин курамындагы алтындын көрсөткүчтөрү 3,7 г/т, чыгарылыштын коэффиценти 90 пайызды түзуп, муну менен  ал эң чоң кендеги көрсөткүчтөрдөн дагы жогору.

Өндүрүштүн максималдуу көлөмү жылына 170 миң унцийди түзүп, ал баасы боюнча 211 миллион 480 миң долларды тузөт (бир унций үчүн 1,244 миң доллар курсу боюнча эсептелгенде).

Бүгүнкү күндө кенде курулуш жана геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Долбоорго киргизүүгө пландалган инвестициялардын көлөмү – 596,3 миллион доллар. Долбоорго салына турчу каражаттар 272,9 миллион доллар деп бааланууда, алардын 59,3 миллион доллары салынган. Салымдардын негизги бөлүгү алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна багытталган, ал үстүбүздөгү жылдын акырына чейин ишке кирүүсү пландалууда, андан сырткары коштоочу инфраструктуралык объекттеринин курулушу каралган. Алардын катарына жолдорду салуу, вахталык айылчанын курулушу, складдар жана башка курулуштар кирет. 

Андан сырткары 223,3 миллион доллар долбоордун III этабында салынып, алар өндүрүштүн күчүн кармап, башкача айтканда, жабдууларды алмаштырууга жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп,  жер алдындагы рудниктин курулушуна жумшалат.

Бүгүнкү күндө эле, 4,5 жылдын ичинде ишкана Кыргызстандын бюджетине жана бюджеттик эмес фонддорго жарым миллиард сомдон ашуун каражат которду. Ал эми ишмердүүлүк жылдары учурунда түшө турчу каражаттардын көлөмү 535,5 миллион долларды түзөт.
Ошондой эле бул өндүрүштүн арты менен Талас облусуна тийе турган мультипликативдик таасир тууралуу дагы унутпоо зарыл. Азыркы күндө подряддык жумуштарда гана 380 адам иштөөдө, ал эми ишкана толугу менен ишке киргенден соң дагы 100 адам жумуш орду менен камсыз болот.

«Жерүй» жергиликтүүлөр кесипкөй даярдыктан өтө турчу миңдеген жумуш орундарын пайда кылууда. Ошондой эле аталган долбоор Кыргызстандын башка подряддык уюмдары дагы иштеше алганга мүмкүнчүлүк түзүп берди»,-дейт Михаил Шубин.

Кен өкмөт тарабынан көңүлсүз калган жок. Июль айынын башында кенге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон бир катар мамлекеттик жана Талас облусунун жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү сапар менен барышкан. Алар курулуп жаткан объекттерге кароо жүргүзүп, бардык курулуп жаткан объекттерде эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу материалдар колдонулуп жаткандыгынан кабардар болушкан.  

«Лицензиялык макулдашууда долбоор 20 жылга эсептелгенине карабастан, анын региондун жана жалпы мамлекеттин экономикасына кошкон салымын эске алуу менен анын ишмердүүлүгүнүн мөөнөтүн 35 жылга чейин узартууну каралышы мүмкүн»,-деди өкмөт башчы.

Кошумчалай кетсек, чет элдик инвесторлор арасында пайдалуу кен-байлыктарын табуу тармагы эң популярдуу багыт бойдон калууда. Бул тууралуу сандар айтууда. Статистикалык мекеменин маалыматы боюнча, 2019-жылдын үч айында гана чет элдик инвесторлордун тоо-кен иштетүүчү компанияларга кошкон салымы 29 милион 221,8 миң долларды түзгөн. Бул инвесторлордун тоо-кен тармагына болгон кызыгуусу тууралуу айтууда. Салыштыра кетсек, ушул эле убакыт ичинде айыл-чарба тармагына 55,1 миң доллар, башкача айтканда 530 эсеге аз, курулуш тармагына 14 эсе аз ал эми кайра иштетүү тармагына 3 эсеге аз каражат түшкөн.

Тэги: Кыргызстан алтын өндүрүш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу