Ушул жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 162,4 миң тонна ташкөмүр жана 113,4 миң тонна күрөң көмүр экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстандан ташкөмүрдүн экспорту 2,1 эсеге, күрөң көмүрдүкү болсо 1,5 эсеге өскөн. Нарктык мааниде ташкөмүр 6,6 млн. долларга, күрөң көмүр 3,4 млн. долларга бааланат.
“Күтүүсүздөн Кыргызстан Голландияга ири көлөмдө ташкөмүр экспорттой баштады. Көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстандан Голландияга 1,1 млн. долларга 19,7 миң тонна ташкөмүр экспорттолгон. Өзбекстан Кыргызстандан көмүрдүн бул түрүн импорттоочулардын сап башында турат”, - деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы Кыргызстан 26,8 млн. долларга 702,2 миң тонна ташкөмүр, 24 млн. долларга 796,1 миң тонна күрөң көмүр экспорттогон. Ташкөмүрдүн басымдуу бөлүгү Өзбекстан, Румыния жана Польшага ташылган. Ал эми күрөң көмүр Өзбекстанга, Кытайга жана Пакистанга экспорттолгон.