Кыргызстандын Турциядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Турция Республикасынын өнөр-жай жана технология министри Мустафа Варанк менен өнөр-жай жана технология тармагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.
Турциянын өнөр-жай тармагындагы кенен тажрыйбасын эске алган Кубанычбек Өмүралиев ТР өнөр-жай министрлигине Кыргызстанга заманбап технологиялар менен өнөр-жай аймагын куруу боюнча жардам берүүнү суранды.
Турция тарап кыргыз өкүлчүлүктөрүн Анкара шаарындагы кайра иштетүү өнөр-жай Технопаркы менен тааныштыруу боюнча сунуштарын билдиришти.