Кыргызстан Камерун жана Мозамбик өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилени бекемдейт

30.09.2019, 09:27 Акчабар
Кыргызстан Камерун жана Мозамбик өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилени бекемдейт

2019 – жылдын 27 – сентябрында КР ТИМ Чыңгыз Айдарбеков менен Камерун Республикасынын тышкы мамилелер министри Мбелла-Мбелла менен Мозамбик Республикасынын тышкы иштер жана мамилелер министри Жозе Кондуга Пашеку менен Нью-Йорк шаарында өзүнчө жолугушуулар болду.

Жолугушууда  КР менен Камерун Республикасы жана КР менен Мозамбик Республикасы менен биргелешкен коммюникиге кол коюлду.

 

Кол коюлган коммюникте эки тарап ООНдун Уставына ылайык дипломатиялык мамилелерди бекиткенин, өлкөлөр бири-бирин урматтого жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоону, мамлекеттер аралык тең укутуулук, мамлекеттин улуттук эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгүнө урмат-сый менен мамиле кылуу, эл аралык келишимдерди сактоо жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөсү тууралуу жазылган.

Кол коюу салтанатынан кийин, эки тарап достук мамилени өркүндөтүү жана эл аралык уюмдар алкагында мамлекет аралык кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

Тэги: Кыргызстан дипотношения Камерун Мозамбик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу