Кыргызстанда төрт жаратылыш паркы пайда болот

15.12.2023, 16:29 Акчабар
Кыргызстанда төрт жаратылыш паркы пайда болот

Кыргызстанда дагы төрт жаратылыш паркы пайда болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экинчи Элдик Курултайда билдирди.
 

Маалыматка ылайык, туризм тармагында “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагыдай шартта төрт жер ачылат.

Эскерте кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик Курултай өтүп жатат. Курултайдын ишине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да катышууда.

Элдик сектордун курамына 700 делегат, анын ичинде республиканын бардык аймактарынан 640 делегат, этностук топтордон 30 делегат жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан 30 делегат бар.

 

Тэги: жаратылыш паркы Ала-Арча туризм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу