Кыргызстандыктар интернет тиркемелерге төлөм жүргүзүүдө активдүү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы көлөм дээрлик 207,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2022-жылы онлайн оюндарга 32,9 миллион сомдон ашык сарпталган. Жалпысынан 76,4 миң төлөм аткарылган.
“Интернет тиркемелердеги төлөмдөр Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи жарымында гана популярдуу болгон. Алсак, биринчи кварталда төлөмдөрдүн көлөмү 108,7 миллион сом, экинчи кварталда 93,3 миллион сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Үчүнчү кварталдан баштап өлкөдө интернет тиркемелер менен төлөмдөрдү жүргүзүү кескин төмөндөгөн. Үчүнчү жана төртүнчү кварталдарда тиешелүүлүгүнө жараша 2,6 миллион сом жана 2,7 миллион сомду гана түзгөн.