Кыргызстандын алтын валюта резерви 3,6 млрд долларга жетти

10.05.2024, 13:28 Акчабар
Кыргызстандын алтын валюта резерви 3,6 млрд долларга жетти

Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү тарыхый максимумга жетти. Анын көлөмү 6-майга карата 3 млрд 625 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жылда Кыргызстандын алтын валюта резервинин өсүшү 1 млрд долларды түздү.

“Акыркы үч жылда Улуттук банктын активдериндеги алтындын көлөмү “Кыргызалтын” ААК жана жергиликтүү баалуу металлдарды өндүрүүчү субъектилер сунуштаган алтынды Улуттук банк тарабынан сатып алуунун натыйжасында өстү. Улуттук банктын алтынды сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларын эске алганда, 2024-жылдын апрель айынын акырына карата Улуттук банктын активдериндеги алтындын көлөмү 52 тоннага жакынды түздү”, - деди Улуттук банктын башчысы. 

Тэги: алтын валюта алтын резерви

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу