Бакиевдин үй-бүлөсү уурдаган активдер Кыргызстанга кайтарылат

25.02.2019, 14:57 Акчабар
Бакиевдин үй-бүлөсү уурдаган активдер Кыргызстанга кайтарылат

25-февралда Бишкекте АКШ менен Кыргызстандын өкмөтү «Бакиевдин режими учурунда уурдалган активдерди кайтаруу» боюнча билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюуга Кыргызстандын Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс катышты.

«Учурда 6 млн. доллардын буйруктун негизинде алынган 4,6 миллиону Кыргызстандын өкмөтүнө кайтарылат. Өкмөт бул каражатты сот тармагы үчүн кошумча жаздыруучу жабдыктарды, айыл жергеси үчүн сууну тазалоочу система жана медициналык жабдыктарды сатып алууга коротот экен. Бул акчалар жумшала турган долбоорлордун максаты бизди кубандырды. Андан тышкары, сот залдарында видеокамераларды орнотуу КРдагы сот системасы ачык болуп жатканын көрсөтүүдө», — деди Элис Уэллс.

Тэги: Курманбек Бакиев активы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу