Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарды биринчи кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттүү 560 бала бакчага биринчи кезекте социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынат.
Министрликтин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери, октябрь жана ноябрь айларында Талас, Жалал-Абад, Ош облустарындагы 20 район/шаарда долбоорго катышкан кызыктар тараптар менен социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдардын бакчага тартуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууларда кыска мөөнөттүү бала бакчаларга балдарды кабыл алууда социалдык аз камсыз болгон, толук эмес, көп балалуу жана мигранттардын кирешесинен көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилиши керектигин белгиленди.