ЖРТ: Мамлекеттик тил сынагынын баасы бекитилди

01.03.2024, 10:27 Акчабар
ЖРТ: Мамлекеттик тил сынагынын баасы бекитилди

Бүткүл республикалык тестирлөө учурундагы мамлекеттик тил сынагынын баасы 200 сом болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги жана ар бир предметтик тестке төлөм мурдагыдай эле 470 сомду түзөт.

Мамлекеттик тил сынагы билим деңгээлин аныктайт. Бирок жыйынтык ЖОЖдорго кабыл алуу боюнча сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт.

Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт.

Тэги: республикалык тестирлөө тил сынагы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу