Мирланбек Байгончоков финансы министрлигинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетүүчү нерсе, Байгончоков 2010-2019-жылдары финансы министринин орун басары болуп иштеген.
Эске сала кетсек, 15-октябрда финансы министри болуп Кыялбек Мукашев дайындалган.