«Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун атын жамынып алып, белгисиз жарандар COVID-19 менен каршы күрөшүп жатабыз деп каражат чогултуп жүрүшөт. Бул маалымат чындыкка дал келбейт», —деп билдиришти фонддун басма сөз кызматы.
РКӨФ жарандарды мындай жалган чакырыктардан сак болууга, РКӨФдүн сайтына жайгашкан официалдуу маалыматка гана ишенүүгө чакырат.