Министрлер кабинети «Кумтөр» маселеси боюнча юридикалык консультация үчүн 1,5 млн доллар коротот

17.05.2021, 13:50 Акчабар
Министрлер кабинети «Кумтөр» маселеси боюнча юридикалык консультация үчүн 1,5 млн доллар коротот

Кыргызстан эл аралык тажрыйбадагы юридикалык консультацияга 1,5 миллион доллар сарптайт. Бул тууралуу “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров парламент жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, үч компания Кыргызстанга өз кызматын көрсөтөт. Өлкө буга чейин аларга 630 миң доллар төлөп берген.

“Келишимде эгер арбитраждык сот болсо, ал Нью-Йоркто болот деп жазылган. Бардык салык талаштары ошол жерде болот. Жана англис мыйзамдарында чечмелөөлөр бар болгондуктан, үч чет элдик компания жалданган”, - деп түшүндүрдү депутат.

Эл өкүлү жергиликтүү адистерге канча төлөнгөнүн так айткан жок.

Тэги: Кумтор арбитражный суд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу