«SUMMER-2021» көргөзмөсүндө орусиялыктарга Кыргызстандагы туризм жөнүндө айтып беришти

19.04.2021, 13:00 Акчабар
«SUMMER-2021» көргөзмөсүндө орусиялыктарга Кыргызстандагы туризм жөнүндө айтып беришти

Кыргызстан Екатеринбург шаарында өткөн "SUMMER-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Орусиянын Свердловск облусунун жашоочулары жана өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоочу эс алууну уюштуруу максатында Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Жантаев ошондой эле Екатеринбургдагы башкы консул Руслан Бийбосунов менен биргеликте Свердловск облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен инвестициялар жана өнүгүү министри Виктория Казакова менен жолугушту.

Тараптар мындан тышкары, Ысык-Көл менен Свердловск облустарынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, 2021-жылы Екатеринбург шаарында өткөрүү пландаштырылган IX кыргыз-орус аймактар ​​аралык конференциясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашканы белгилүү болду. 

 

 

Тэги: туризм Лето-2021

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу