Улуттук банк текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан акча алмаштыруу жайынын бирине 55 миң сом айып пул салды.
Текшерүүдө мыйзам жана ченемдик укуктук актылардын бузулушу аныкталган.
Улуттук банк акча алмаштыруу бюросунун аталышын жана мыйзам бузуунун конкреттүү деталдарын ачыктай элек. Бирок, айып пул акча алмаштыруу бюролорунун ишин жөнгө салган КР мыйзамдарына ылайык салынганы белгилүү.