Быйылкы жылдын 22-июлунда 7 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эмиссиянын жалпы суммасы 310 миллион сомду түзөт.
Кошумчаласак, 7 жылдык МКОнун купондук ставкасы 7% өлчөмүндө белгиленген.