2019 - жылдын январь-декабрь айларында автоунаа салыгынан түшкөн каражаттын көлөмү 842 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
Кыргызстандыктар жеке авто унаага 737 млн сом салык төлөшкөн. Ал эми юридикалык жактар 106 млн сом салык төлөшкөн.
«Жер салыгы» беренесине ылайык, фискальдык органдардан 1.2 млрд сом салык чогулган.