Кырдаалга байланыштуу электр энергияны убагында төлөбөгөндөр үчүн пения 1-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу ААК «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
«Республикага өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, КР аймагындагы бардык абоненттер электр энергияга болгон акыны убагында төлөй алышпайт. Ошол себептен компания 1-апрелден тарта пения кошууну токтотту», - деп жазылат маалыматта.
ААК «Түндүкэлектр» ишканасы электр энергияга болгон төлөмдү электрондук капчык же төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт.
Эске сала кетсек, төлөм сатуу түйүндөрү жана MegaCom компаниясы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.