ААК «Чыгышэлектро» трансформаторлорду сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.
Тендерге коюлган жалпы сумма - 16 млн 900 миң сомду түзөт. Сынакка 2020-жылдын 10-апрелине чейин арыз таштоо керек.
12 млн 500 миң сомго трансформаторлор жана 4 млн 400 миң сомго - трансформатордук подстанция жабдыктары алынат.