2018 – жылы чет элдик инвестициялардын көлөмү 6 млрд. $ 939 млн.сомду түзгөн, бул 2017 – жылга салыштырганда 32.9% көп болгон. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, чет элден келген түз инвестициялардын көлөмү өткөн жылы 851.7 млн. $ түзгөн. 2017 – жылга салыштырмалуу 38.1% көп болгон.
Инвестициялардын көлөмү төмөнкү тармактарга жогорулаган:
• курулуш тармагына – 23.4 эсе;
• маалымат жана байланыш – 3.6 эсе;
• өндүрүштук ишканалар – 2 эсеге
• тоо-кен казып алуу – 13.4%
• чалгындоого – 7.3%
Жыйынтыктоочу мезгил учурунда, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу боюнча салымдар 1,5 эсеге кыскарганы байкалат.