18-мартта Кыргыз фондулук биржа системасында “Салым Финанс” микрофинансылык компаниясы ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен үч бүтүм катталды. Маалымат биржа сайтында жайгаштырылган.
Аукциондун жыйынтыгында 3 миң 615 облигация 3 млн 615 миң сомго сатылды. Облигациялардын баасы 1 миң сомду түздү.
Эске сала кетсек, январь айынын аягында “Салым Финанс” микрофинансы компаниясы облигациялардын кирешеси төлөнөрүн жарыялаган.