Бишкекте патенти жок иштеп жаткан 22 субъекти аныкталды

05.02.2021, 16:00 Акчабар
Бишкекте патенти жок иштеп жаткан 22 субъекти аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бир күндүн ичинде Бишкек шаарында пландалган рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милдеттүү патенттин жана камсыздандыруу полистеринин негизинде 22 субъект салык төлөбөй иштеп жаткандыгын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 сауна, 1 мончо, 1 алмашуу бюро, 13 чач тарач жана сулуулук салон, 3 стоматология жана 2 унаа жуугуч салык төлөбөстөн иш жүргүзүшкөн.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык айыптар салынды жана милдеттүү патент берүү камсыздалды.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.

Тэги: салык кызматы Бишкек шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу