"Первая металлобаза" облигациялар боюнча кирешени төлөөгө 4 миллион сом жумшады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Киреше алууга укуктуу облигация ээлеринин жалпы саны 171ди түзөт.
Облигациялар боюнча төлөнгөн кирешенин суммасы 3 миллион 944 миң 120 сом болду. Калган сумма облигациянын ээси келбегендигине байланыштуу төлөнбөй калган.