Эми бардык жарандар Ысык-Көлдүн пляждарга эркин кире алат. Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизди.
Жаңы жарлык көлдөгү кум жээктерге бардык жарандардын ээн-эркин киришин камсыздоо үчүн чыгарылган.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.