Өкмөт дары-дармекке болгон бааны көзөмөлгө алат

01.11.2019, 09:30 Акчабар
Өкмөт дары-дармекке болгон бааны көзөмөлгө алат

Өкмөт дары-дармектерге болгон бааны убактылуу жөнгө салуу үчүн жобо кабыл алды. Буга чейин  дары рыногу жөнгө салынган эмес деп билдирет Өкмөттүн басма сөз кызматы. 

Алгач кабыл алынган жобо 58 дарынын түрүнө иштетилет. 

Мындай жөнгө салуу менен: 

- жарандардын дарыга болгон чыгашасын кыскартуу; 

- Өндүрүүчүнүн дары-дармекке болгон бүткүл өлкө боюнча дүң жана чекене баасын бирдей кылуу; 

- Милдеттүү түрдө медициналык жактан камсыздандыруу Фондунун жеңилдетилген программасы алкагында дарылануучу  бардык өлкө боюнча амбулатордук негизде төлөй алат; 

- Саламаттык сактоо уюму дагы, дарыларды үнөмдүү түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ       болот. Себеби, бул механизм мамлекеттик сатып алуу учурунда, бааны аныктоонун башкы жолу болуп эсептелинет.  

Белгилей кетсек, КР дарылардын баасын жөнгө салуу 2021-жылга чейин иштейт. 

 

Тэги: фармацевтическая продукция ФОМС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу