Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында бүгүн, 16-майда Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» фермердик чарбасына барды жана Дүйнөлүк Банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында аткарып жаткан иши менен таанышты.
Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков жана чарба жетекчиси Уланбек Дыйканов маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору 2018-жылдан бери ишке ашырылууда. Анын максаты — сүт багытындагы уйлардын азыктуулугун жана сүт чогултуу борборлорунда сүттүн сапатын жогорулатуу.
Долбоордун биринчи компоненти боюнча — сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматтарды күчөтүүгө бардыгы болуп 1,140 млн АКШ доллары бөлүнгөн.
Бардык компоненттер боюнча айылдарда фермерлерди окутуу жүрүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор региондордун жашоочуларын колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөт жана мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун канааттануу менен белгиледи. Ал долбоорду ишке ашырууда жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.