Кыргызстан экспорттобой калган товарлардын тизмеси

24.11.2021, 13:15 Акчабар
Кыргызстан экспорттобой калган товарлардын тизмеси

Быйылкы жылы Кыргызстандан бир катар продукцияларды экспорттоо кандайдыр бир себептерден улам токтотулган. Биз бул товарлардын тизмесин Улуттук статистикалык комитеттин 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы экспорттук маалыматтарынын негизинде түздүк.

Маалыматка ылайык, быйыл үй канаттууларынын эти экспорттолгон жок. Былтыр Кыргызстан 85,5 миң сомго 1,1 тонна канаттуу этин экспорттогон. Өткөн жылы 11 млн 716,4 миң сомго 84 тонна тоңдурулган уй эти экспорттолгон. 

Ал эми буудай унун экспортко жеткирүү өткөн жылы 428 тоннаны түзүп, 14 млн 471,9 сомду түздү. Кант - 500 килограмм 45,8 миң сомго. Туз - 219 тонна 709,4 миң сомго. Бул товарлар 2021-жылы экспорттолгон эмес.

Ошондой эле крахмалды, жержаңгактарды, ширелерди жана өсүмдүктөрдүн экстрактыларын, соя майын, жашылча консерваларын экспорттоо токтотулган. Өткөн жылы Кыргызстан 6 тонна крахмалды 179,1 миң сомго, 1,7 тонна жер жаңгакты 165,2 миң сомго саткан. 100 килограмм шире жана өсүмдүктүн экстракттары — 93,3 миң 2,9 тонна соя майы — 167,6 миц сомго экспорттолгон. Ал эми жашылча консервалары 1 млн 267,8 миң сомго 26,6 тонна жеткирилген.

Тэги: импорт экспорт статистические данные

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу