Жогорку Кеңеш сенсордук башкаруудагы унитазга эле 708 миң сом коротот. Бул тууралуу арыз Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган. Депутаттар дагы эмнени элдин эсебинен сатып алары тууралуу төмөннкү макалада.
Жогорку Кеңештин аппататы Lexus 470 унасын 254 миң сомго ондотууга арыз беришти. Андан тышкары, сантехника меннен унитаздарды жаңыртып, аларга салыкчылардын эсебинен 708 миң коротууну көздөшүүдө.
Парламент буга чейин июнь айында кымбат баадагы мамлекеттик сатып алуу жасашкан. Ак үйдөгү айнектерди алмаштырууга 11.1 млн сом кетирип, 629 миң сомго курулуш материалдары алынган.
Депутаттарга ыңгайлуу болсун деп беш сканерди (300 миң сомго) жана унаалар үчүн капка (60 миң ) коротушат.