Республикалык бюджеттин кирешеси 9,4 пайызга өскөн

21.02.2020, 10:00 Акчабар
Республикалык бюджеттин кирешеси 9,4 пайызга өскөн

2019-жылы  республикалык бюджетке факт жүзүндө 148 млрд 254,1 млн сом түшүп, коюлган план 97,5 пайызга аткарылган. Муну менен, бюджетке 3 млрд 846 млн млн сом түшкөн эмес. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Ал 2018-жылга салыштырмалуу республикалык бюджеттин кирешеси 9,4 пайызга же 12 млрд 747,7 млн сомго өскөндүгүн белгиледи.

«Республикалык бюджетке пландалган 108 млрд 891,6 млн сом салыктык жыйындардын 105 млрд 929,4 млн сому түшкөн», - деди Амандыков.

Бирок, парламент тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган жана президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2019-жылдын 23-декабрында кол коюлган «КР 2019-жылкы республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдардагы божомолдор жөнүндө» мыйзамына «Өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна ылайык, салыктар боюнча план 111 млрд 669,1 млн сомду түзөт.

2018-жылга салыштырмалуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салыктык жыйындардан түшкөн киреше 0,9 пайызга, ал  эми Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси 3,9 пайызга жогорулагандыгы айтылууда.

Ошондой эле салыктык эмес кирешелер 28,9 пайызга жана расмий трансферттердин кирешеси 43,9 пайызга көбөйгөн.

Тэги: республикалык бюджет 2019 киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу