Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

06.02.2022, 18:02 Акчабар
Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

КЭР төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенет.

КЭР төрагасы Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого жана энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат.

Ал ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан жылы өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи. 

Буга байланыштуу Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, жетишилген макулдашуулар жакынкы жылдарда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Тэги: Китай Кыргызстан Садыр Жапаров Си Цзиньпинь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу