Соода аянтчаларды ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды

11.09.2020, 14:05 Акчабар
Соода аянтчаларды ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды

Бүгүн, 11-сентябрда саат 10:00дө Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды.

[news 27914]

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгачкы 38 объект электрондук соода аянтчасына (https://etp.okmot.kg/) жайгаштырылган, бул төлөө терминалдары, төлөмдөрдү кабыл алуу пунктары, кичи футбол талаалары жана башкалар үчүн анча чоң эмес аянтчалар.



«Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өткөн аукционго катышууга чакырабыз. Сиз мүлктү коррупциялык тобокелчиликсиз толугу менен ижарага ала аласыз», - деп айтылат маалыматта.



Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бүт иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Facebook: https://www.facebook.com/umibishkek/

Толук маалымат жана кеңеш үчүн байланыш телефону: 61-49-59, 61-40-79

WhatsApp: 0 772 665 787

Тэги: реформа Бишкек мэриясы ижара электрондук аукцион

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу