Тажикстанда Борбор Азиядагы эң ири тоок фабрикасы курулуп жатат

11.02.2021, 09:15 Акчабар
Тажикстанда Борбор Азиядагы эң ири тоок фабрикасы курулуп жатат

Тажикстанда Борбор Азиядагы эң ири тоок фабрикасы курулуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри билдирди.

 

 

Маалыматка ылайык, «Авесто груп» компаниялар тобу куруп жаткан фабрикада жылына 5,5 миң тонна тоок эти өндүрүлүшү мүмкүн.

2018-жылы президент Эмомали Рахмон тоок өстүрүү ишканаларына жабдууларды импорттогон компанияларды салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон. Өкмөт бийликтин бул чечиминен кийин өлкөдө тоок фабрикалары көбөйгөнүн кабарлаган.

Учурда Тажикстандагы 181 фабрикада 9 миллионго жакын тоок бар. Өткөн жылы аларда 30,6 миң тонна тоок эти өндүргөн. Бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1,9 эсеге көп. Ошол эле маалда 2020-жылы чет өлкөлөрдөн алып келинген тоок эти мурдагы жылдарга салыштырмалуу 16 миң тоннага азайган.

 

Тэги: Тажикстан Борбор Азия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу