Талант Садакбаев транспорт министрлигине: "Бюджеттен акча сурап, самсаалап  жүрөсүңөр"

07.02.2020, 14:45 Акчабар
Талант Садакбаев транспорт министрлигине: "Бюджеттен акча сурап, самсаалап  жүрөсүңөр"

Бүгүн, 7-февралда КР Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кеңешинин жетекчиси Талант Садакбаев аталган министрликтин коллегиясында сүйлөп жатып, реформалоо жана чарбалык эсепке өтүү тууралуу сөз көп жылдан бери айтылып келгендиги менен, эч кандай жыйынтык болбой жаткандыгын билдирди.

«Мен бул маселени бир нече жылдан бери көтөрүп келем. Бүгүнкү күндө жолчулардын айлык акысы абдан аз, аны жогорулатуу үчүн биз аталган көйгөдү чечүүнүн үстүндө иш алып баруубуз керек. Биз реформалоо жана чарбалык эсепке өтүүнү сунуштап жатабыз. А силер болсо ушуга чейин акча сурап эле, самсаалап отурасыңар», - деди ал.

Буга транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жооп берди.

«Биз митингдебиз, реформалоо жана чарбалык эсепке өтүү иштери жүрүп жатат. Сиз аны өзүңүз деле билесиз",-деди аткаминер.

Өз кезегинде КБК башчысы Т. Садакбаев аларды эч ким укпай жаткандыгын билдирди.

«Сиз бизди укпайсыз, чарбалык эсепке өтүүдөн 10 жылдан бери баш тартып келесиз»,-деди ал.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу