Бишкекте төлөм терминалын уурдаганга шектелип үч жаран кармалды

13.04.2020, 13:10 Акчабар
Бишкекте төлөм терминалын уурдаганга шектелип үч жаран кармалды

Бишкекте төлөм терминалын уурдаганга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак 6-апрель күнү Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөслөрүнүн кесилишинде баасы 1,5 миң доллар болгон жана ичинде 61,6 миң сом акчасы бар терминал уурдалганы айтылган.

«Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон уурулук боюнча маалымат берип кетсем. Кечээ күнү Бишкек шаардык жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-туулган М.К.,1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар кармалды. КР Кылмыш-процессуалдук кодексинин 98-беренесине ылайык алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды», - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

 

 

 

Тэги: терминал уурулуар кармалды комендант Алмазбек Орозалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу