Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда көп жылдан бери курулушу бүтпөй турган №8 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 225 окуучуга чакташкан объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.