Транспорт министрлиги жылуулук мезгилине 80% даяр

03.11.2020, 11:30 Акчабар
Транспорт министрлиги жылуулук мезгилине 80% даяр

Транспорт жана жолдор министрлигине күзгү-кышкы мезгилге даярдануу үчүн 200 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалат. 

Бүгүнкү күндө даярдык 80.3% бүткөрүлгөн. Андан сырткары, мөңгүлөргө каршы колдонулган реагенттерди, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү боюнча иштер улантылууда. 

Керектүү инерттик материалдарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды даярдоо, жылуулук мезгили үчүн жол курулуш техникаларын оңдоо жана автомобиль жолдорунун кесилиштерин сапаттуу тейлөөгө багытталган иш-чараларды уюштуруу үчүн ушул жылдын төртүнчү кварталына 200 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүнгөн. 

30-октябрда Транспорт министрлигинин коллегиясынын жыйыны өткөн. Анда тогуз айдагы иштин жыйынтыгы жана 2020-жылдын төртүнчү кварталындагы маселелер талкууланган. 

Тэги: транспорт министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу