Түркия туристтерге турак жай ижарага бергендерге эрежени кыйындатты

07.11.2023, 13:20 Акчабар
Түркия туристтерге турак жай ижарага бергендерге эрежени кыйындатты

Aviasales.KG сайтынын акыркы маалыматтарына ылайык, быйыл күзүндө туристтик багыттарды издөө боюнча Кыргызстандын жарандарынан эң көп суроо-талаптар Түркияга болгон. Анткен менен кыргызстандыктар Түркия туристтерге турак жайды ижарага берүү эрежелерин катаалдатканын билиши керек. 

Түркияда жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, туристтерге турак жайды ижарага берүүнү каалаган мүлк ээлери атайын уруксат алышы керек. Бул мыйзамды өкмөттүк расмий басылма “Resmi Gazete” жарыялады. 

Документке ылайык, “туристтик максатта турак жайды ижарага берүү үчүн ижара келишимин түзүүдөн мурун уруксат кагазын алуу керек. Мындан тышкары, туристтик максатта ижарага берилүүчү турак жайдын (үй, батир) кире беришине атайын белги коюлушу керек”. 

Мүлктүн ээси бул талаптарды аткарбаса, уруксаты жок ижара жана ар бир мүлк үчүн 100 миң түрк лирасына (3,5 миң доллар) айыпка тартылышы мүмкүн. Кайра кайталанган учурда бул айып 500 миңге, ал тургай 1 млн түрк лирасына (17,5 миң доллар - 35,1 миң доллар) чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Белгилеп кетсек, адистердин айтымында, жаңы эрежелер туристтерге түздөн-түз таасирин тийгизбейт. Бирок Түркия кыймылсыз мүлктү сатып алууда жашоого уруксат алуу үчүн талаптарды катуулатканын да эске алуу керек. Кыймылсыз мүлк сатып алууда жашоого уруксат алуу үчүн талап кылынуучу минималдуу сумма 50-70 миң доллардан 200 миң долларга чейин көбөйтүлдү.

 

Тэги: Кыргызстан-Түркия Түркия туризм ижара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу