“Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы потенциалдуу инвесторлорду чакырат. Бул тууралуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин сайтында маалымдалды.
"Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасы жер казынасын пайдалануу укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында потенциалдуу инвесторлорду "Турук" көмүр кенин геологиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча кызматташууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Арыздар маалымат жарыялангандан тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ал үчүн Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы, Мырзалымбеков көчөсү, 16 дарегиндеги "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасына кайрылса болот.