УКМК: мыйзамсыз ташып келинген 50 млн сомдук дары-дармек аныкталды

16.04.2024, 12:20 Акчабар
УКМК: мыйзамсыз ташып келинген 50 млн сомдук дары-дармек аныкталды

Өлкөгө мыйзамсыз ташып келинген дары-дармектердин ири партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын көмөгү менен экономикалык коопсуздукка зыян келтирүүчү кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурган. Анын натыйжасында "Ак-Тилек автожол" өткөрүү жайында жүк ташуучу документтери ишенимсиз болгон "Вольво" үлгүсүндөгү унаа кармалып, ал жерден үй буюмдарын ташып келүү шылтоосу менен алдын ала наркы 50 млн сомдон ашык болгон ири өлчөмдөгү кымбат баалуу дары-дармектердин 50 кутучасы табылган.

Текшерүүдө аталган товарлардын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып кирүү/импорттоо жана Кыргызстандын салык органдарында эсепке алуу үчүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга кызмат адамдарынын катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тэги: кылмыш УКМК дары-дармек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу